Грецияда 6 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө 3 июнь 2025 09:10
Грецияда 6 баллдык жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Грециянын Түркиянын жээгине жакын жайгашкан Додеканес аралдар аймагында 6 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) билдиргенин Дзен.ru агенттиги жазды

Жер титирөө кечээ күнү катталып, очогу Родос аралындагы Родос шаарынан 19 чакырым түндүк тарапта жайгашкан. Очоктун тереңдиги 10 чакырым деп айтылат.

Азырынча жабыркагандар же кыйроолор боюнча маалымат түшө элек.