Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Греция кеме менен келген туристтер үчүн салык киргизмей болду. Бул тууралуу Еuronews кабарлады.
Маалыматка ылайык, туристтер Миконос менен Санториниге келгенде 20 евро төлөшү керек. Ал эми башка аралдарга барганда 5 евро бериши зарыл.
Эми Грециянын аралдары кеме менен саякаттаган туристтер үчүн кымбат боло баштай тургандыгы айтылууда. Кошумча төлөмдөр ушул жайдан тартып төлөнүшү кажет.
Греция өкмөтү билдиргендей, жаңы салыктын киргизилиши өзгөчө Миконосе жана Санторини аралдарында туристтердин санынын өскөндүгүнө байланыштуу. Кошумча киреше порттогу инфраструктураны жакшыртуу үчүн пайдаланылат.