Google мыйзамсыз маалымат чогултканы үчүн 314 млн доллар айыпка жыгылышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2025 13:50
1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Калифорния округдук соту Google компаниясын Android колдонуучуларынан алардын макулдугусуз мобилдик маалыматтарды мыйзамсыз чогулткандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Сот компанияны штаттын жашоочулары 2019-жылы койгон доосу боюнча 314 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендиргенин РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, акыркы чечимди сот бекитиши керек.

Доочулардын айтымында, компания жашыруун түрдө алардын телефондорунан маалыматтарды чогултуп, мобилдик интернет аркылуу өздөрүнүн серверлерине жиберип турган. Бул купуялуулук укугун гана бузбастан, акы төлөнүүчү трафик үчүн кошумча чыгымдарга алып келди. Ошондой эле алынган маалыматтар жарнама жана компаниянын карта кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонулганы маалымдалган.

Технологиялык гигант аталган Google соттун чечимине макул эмес жана ага даттанууга ниеттенүүдө. Компаниянын өкүлү белгилегендей, белгилүү бир маалыматтарды чогултуу Android түзмөктөрүнүн туура иштеши үчүн зарыл жана колдонуучунун макулдугу менен келишимдин орнотуулары жана шарттары аркылуу ишке ашырылат.