Гонконгду каптаган “Рагаса” тайфуну климаттын өзгөрүшүнүн жаңы кооптонуусун жаратты

Дүйнө Загрузка... 29 Сентябрь 2025 09:20
33fbd3e8-27af-48e4-888c-51a1b66deaf1.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Гонконгду каптаган “Рагаса” тайфуну климаттын өзгөрүшүнүн жаңы кооптонуусун жаратты. Бул тууралуу АКШнын Climate Central изилдөө борборуна таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, тынч океанындагы эң күчтүү тайфундардын бири болгон “Рагаса” Гонконгго түн ичинде сокку уруп, шамалдын ылдамдыгы 50 м/с ашкан. Шаарда электр линиялары үзүлүп, көптөгөн имараттар жабыркап, эл аралык аэропорт убактылуу ишин токтотту. Расмий маалыматтарга ылайык, тайфун учурунда кеминде жүздөгөн адамдар жаракат алган. Ошондой эле 22 суу каптоо жана 4 жер көчкү фактысы катталган. Гонконг бийлиги азыр жабыркаган райондорду тазалоо жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Ошондой эле климатологдор бул бороонду глобалдык жылуулуктун айкын белгиси деп аташты. АКШнын Climate Central изилдөө борборунун эксперттери белгилегендей, деңиз бетинин температурасы кадимки деңгээлден 0,7–1,1 °C жогору болуп, бул фактор тайфундун рекорддук ылдамдыкта күч алышына шарт түзгөн. “Мындай ысып кетүү тропикалык циклондордун бат күчөшүнө алып келет”-деп билдирген климатолог Дэниел Гилфорд.

Филиппиндеги “Энергетика, экология жана өнүгүү борбору” да аймактагы табигый кырсыктардын көбөйүшү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экенин эскертет. Уюмдун аткаруучу директору Жерри Аррансес “Рагаса” өңдүү бороондор жакынкы жылдары нормага айланышы мүмкүн экенин айтып, парник газдарын азайтууга жана адаптация чараларын күчөтүүгө чакырды.

Индиядагы Bharti Institute of Public Policy уюмунун адиси Анжал Пракаш да дүйнөлүк изилдөөлөр глобалдык жылуулук күчөгөн сайын Азия-Тынч океан аймагында катуу тропикалык бороондор менен жаан-чачындын көбөйөрүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

Адистердин айтымында, “Рагасанын” мисалы глобалдык жылуулукка каршы дүйнөлүк аракеттерди тездетүүнүн зарылдыгын дагы бир жолу айгинеледи.