Гүлнур Таштанбекова Албаниядагы рейтингдик турнирде коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 28 Февраль 2026 13:01
1.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова Албанияда өтүп жаткан Muhamet Malo-2026 рейтингдик турниринде коло медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 65 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгачкы беттешинде россиялык Алина Касабиевага утулганы менен, көңүл жубатуучулук айлампа аркылуу медаль үчүн күрөшүүнү улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Апекша Патил менен кез келип, 3:3 эсебинде акыркы упай алгандыгынын негизинде жеңишти камсыздай алды.