Гүлнара Баатырова «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды

541635134_122183186444368081_4657262164697892269_n.jpg
541746045_122183186456368081_2010231466149031984_n.jpg
541755363_122183186378368081_6741902621806086715_n.jpg
542446446_122183186366368081_3750432405362986673_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Мурдагы саламаттык сактоо жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ардактуу атуул наамы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн берилди.

Наамды бүгүн, 1-сентябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде облус жетекчиси куттуктоо сөз сүйлөп, мурдагы министрдин өлкөгө жана аймакка сиңирген эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.