Гүлчөдөгү Алымбек датка көчөсү 4 тилкелүү болот

Аймак Загрузка... 02 Апрель 2026 10:20
657702239_1257493293226081_7577762348852906726_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Ош облусуна барып, унаа жолдордогу курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон белгилешкендей, министрдин орун басары жумуштарды тездетүү менен сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ош – Кара-Суу унаа жолунун оңдолчу бөлүгүнүн узундугу 18,7 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, жол 4 тилкелүү болуп, туурасы 12–15 метрге чейин кеңейтилет.

Ал эми Алай районунун Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүнүн узуну 4,5 чакырым. Долбоорго ылайык, жол 4 тилкелүү болуп курулат.

Ошондой эле Кара-Суу шаарына караштуу Өзбекстан менен чектешкен Кара-Суу өткөрүү пунктуна баруучу Х. Юлдашев жолунун (1 чакырым) долбоору каралып, курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиленди.