Гиннес рекорддор китеби жарык көргөнүнө 70 жыл толду

Дүйнө Загрузка... 29 Август 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-08-28 at 18.15.25.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң атактуу справочниктердин бири - Гиннес рекорддор китеби жарык көргөнүнө 70 жыл толду. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, алгачкы чыгарылыш 1955-жылы басылып чыккан. Китептин идеясы Гиннес сыра заводунун жетекчиси Хью Биверге таандык. Ал достору менен кайсы куш эң ылдам учат экенин талкуулап, бирок так жообун эч бир китептен таба алган эмес. Ошондон улам ал "талаш-тартыштарды чечкен" өзүнчө китеп чыгарууну чечкен.

Башында китепте илимий жактан текшерилген гана маалыматтар берилсе, кийин өзгөчө жана кызыктуу рекорддор да киргизиле баштаган. Бүгүн Гиннес рекорддор китеби дүйнө жүзү боюнча миллиондогон окурмандарды топтогон, ондогон улуттук жана тематикалык версиялары чыккан эң белгилүү басылмалардын бири болуп саналат.

Бул жылдар ичинде китепке дүйнөдөгү эң узун бойлуу адамдан тартып эң чоң итке чейин, эң ылдам сыр кесүү же эң көп тиш чукугучту сакалында кармаган адамга чейинки ар кандай жетишкендиктер киргизилген.