Гимндин жаңы редакциясы: ЖК комитети сунушталган 3 вариантты тең четке какты

Жогорку Кеңеш 1285 27 Январь 2026 13:09
619849695_1206597714986782_8198358528542789884_n.jpg
621666778_1206597804986773_6618781177293782909_n.jpg
621815892_1206597711653449_5019837579439186210_n.jpg
621827766_1206597914986762_3364558753595058096_n.jpg
621851459_1206597814986772_5484458643364492312_n.jpg
621907765_1206597708320116_4013701115529721240_n.jpg
622065002_1206597841653436_535918896388153371_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты каралды.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Талкуу маалында комитеттен төрагасы Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жактан азыркы гимнден жогору эмес экенин, ошондуктан аларды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи.

Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.