Өлкөдө соңку жылдары спорттун бардык түрү өнүгүүдө. Кыргыз спортчулары дүйнөнүн булуң бурчунда ийгиликтерди багындырып жатышат. Айрыкча, спорттун өзгөчө түрү болгон көркөм гимнастика да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Алсак, жаш гимнаст Злата Аркатова бир нече эл аралык мелдеште байгелүү орундарды багынтып, кыргыз туусун бийик желбиретти. Анын ийгилиги машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы десек болот. Мындай жетишкендиктер жаш спортчуларга шыктандыруу берип, көркөм гимнастикага болгон кызыгууну арттырууда. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова спорттун бул тармагындагы жетишкендиктер тууралуу маек курду.
- Айтсаңыз, учурда өлкөдө көркөм гимнастика тармагында абал кандай?
- Мурунку жылдарга салыштырмалуу учурда өлкөдө көркөм гинастика абдан популярдуу болуп жатат. 12 жыл мурун республика боюнча 300 гимнаст эле болгон болсо, азыр жалпы 3 миңден ашуун гимнаст бар. Өнүгүү чындыгында байкаларлык. Буга чейин биздин өкүлчүлүгүбүз борбор калаада эле болгон болсо, азыр Жалал-Абад, Ош облустарында дагы бар. Ал жакта гимнасттарыбыз жакшы ийгиликтерди көрсөтүп жатышат.

- Злата Аркатова эл аралык деңгээлде ийгилик жаратып келиптир. Дагы кандай жетишкендиктерибиз бар?
- Ооба, туура айтасыз. Злата Аркатова өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи. Кыргызстан гимнастика боюнча мындай ийгиликке алгачкы ирет жетип отурат. Көркөм гимнастика тармагында биз жаратып жаткан ийгиликтер абдан эле көп. Буга чейин 2018-жылы Айша Изабекова Азия кубогунда алтын, 2022-жылы Азия чемпионатында Асем Бадыкеева коло, 2023-жылы Азия чемпионатында Александр Додов коло медаль, 2024-жылы Азия чемпионатында Арина Газиева коло медаль, 2025-жылы Азия чемпионатында София Еравая коло медаль алып келген.
- Жарандарыбыздын, айрыкча жаштардын көркөм гимнастикага болгон кызыгуусу кандай деңгээлде?
- Жаштардын көркөм гимнастикага болгон кызыгуусун арттыруу максатында биз атайын эл аралык турнир уюштуруп жатабыз. Менин жеке пикиримде ушул турнирге келип, көргөн кыздар, балдарыбыздын гимнастика болгон кызыгуусу артып, андан ары улантат. Себеби, турнирде көркөм гимнастика тууралуу аябай сонун маалыматтар берилет. Негизи гимнастика жаштардын дисциплинасын сактоодо эң сонун чечим. Алардын жаштайынан тулку боюн чыңалып, биринчи кезекте ден соолуктары чың болот. Кубандырарлык жагдайды айтып кетпесем болбойт. Бүгүнкү күндө көркөм гимнастикага кызыккан айрыкча кыздарыбыздын саны жылдан жылга өсүүдө. Үйдө телефондогу керексиз маалыматтарды карап отурганга караганда, көркөм гимнастика менен же жалпы эле спорт менен алектенүү абдан жакшы көрүнүш.

- Мамлекеттик деңгээлде бул спорт түрүнө кандай көңүл бурулууда? Колдоо кандай?
- Биздин федерация мамлекеттик органдар менен абдан тыгыз иш алып барат. Башка спорттун түрлөрүнө көңүл бурулуп жаткандай эле, көркөм гимнастикага дагы мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Бирок, тилекке каршы каражат дагы эле жетишпей келет. Биз барган турнирлерге көп учурда каражатыбыз жетпей калган учурлар болот. Жогоруда сиз белгилеп өткөн, Злата Аркатовага дагы мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнгөн жок. Турнирге кеткен каражаттын бир бөлүгүн федерация, ал эми калганын Златанын ата-энеси төлөп берди.
Биз мамлекеттик органдарга кайрылганда, көбүнчө жогорку деңгээлде жыйынтык көрсөтсөңөр көбүрөөк каражат бөлүнөт деп жооп беришет. Буюрса, жакшы жетишкендиктерге жетишип жатабыз. Эми буюрса, мамлекет бизге мындан дагы жакшы каражат бөлүп берет деген үмүттөмүн.

- Өлкөнүн курамасы эл аралык мелдештерге канчалык активдүү катышууда?
- Биздин курама команда Азия чемпионатын калтырбай барат. Дүйнөлүк чемпионатты да каражатка жараша калтырбаганга аракет жасайт. Дүйнө кубогуна да катышып келген кыздарыбыз бар. Негизинен кандай гана чемпионат, турнир болбосун катышууга аракет кылабыз. Турнирлерге каражатка жараша катышууга туура келет.

- Федерацияда машыктыруучулар, деги эле кадрлар жетиштүүбү?
- Машыктыруучулар жетишпейт. Көркөм гимнастика спорту боюнча машыктыруучуларыбыз өнүккөн өлкөлөргө барып тажрыйба алмашып келишет. Кээде алар биздин өлкөгө келишет.
- Облустарда көркөм гимнастиканы өнүктүрүү иштери кандай жүрүп жатат?
- Аймактарда көркөм гимнастика абдан жакшы өнүгүп жатат. Ош, Жалал-Абад облустарында 150-200дөн гимнаст балдар бар. Жакында федерация Ысык-Көл облусуна дагы жаңы база ачат. Алдыда дагы чоң-чоң жакшы пландарыбыз бар. Буюрса, өлкөнүн көркөм гимнастикасынын келечеги зор.