Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Гималай аймагындагы мөңгү массасынын жоголушу мурунку мезгилдерге салыштырмалуу акыркы он жылда 65%га тездеди, деп Казинформ Aнадолу агенттигине шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык,Systemiq консалтинг компаниясы тарабынан Индиянын Integrated Mountain Initiative (IMI) бейөкмөт уюму менен биргеликте даярдалган отчеттогу изилдөөнүн авторлору мөңгүлөрдүн эришинин тездеши аймактагы миллиондогон адамдар үчүн өсүп жаткан коркунучтарды жаратарын эскертишет.
Бул маселе 26-августта Непалдын Кытай менен чек арага жакын аймактарында болгон суу ташкынынан кийин кайрадан көңүл борборунда болууда. Мөңгүнүн урашы кырсыктын себеби деп болжолдонууда. Суу ташкыны 1300дөн ашык адамдын өмүрүн алган.
Баяндамада белгиленгендей, Гималай аймагында болжол менен 40 миң мөңгү бар, бирок алардын 0,1%ы гана тынымсыз көзөмөлдөнүп турат.