Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Германиянын Мангейм шаарында жолтандабас элди тебелеп, 25 адам жабыркады. Бул тууралуу Еuronews Германиянын ЖМКларына таянып жазды.
Маалыматтарга караганда, жеңил унаа Мангейм шаарынын борборунда катуу ылдамдык менен бара жатып, элди аралап кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден кармалган.
Коопсуздук органдарынан билдиришкендей, кеминде 2 адам каза таап, 25 адам жабыркады. Полиция бул теракт болушу мүмкүнбү деген суроо такталып жатканын айтууда.