Бишкек, 24.06.26 /Кабар/. Германиянын 4 кылымдык тарыхы бар сыраканаларынын бири — Hofbrauhaus Wolters банкротко кабылганын Bild басылмасына таянып, Известия кабарлады.
Брауншвейг шаарында жайгашкан бул компания 1627-жылдан бери иштеп келген жана өлкөдөгү эң байыркы өндүрүш ишканаларынын катарына кирет.
Маалыматка караганда, каржылык кыйынчылыктардын негизги себептери — Германияда сырага болгон суроо-талаптын туруктуу азайышы жана өндүрүш чыгымдарынын өсүшү. Айрыкча электр энергиясынын кымбатташы компаниянын абалын оорлоткон.
2025-жылдагы тармактык статистикага ылайык, Германияда сыраны керектөө 5,8%га кыскарып, сатуу көлөмү рекорддук деңгээлде — 6%га төмөндөгөн. Жалпы көлөм болжол менен 7,8 млрд литрди түзгөн.
Бул тенденция Германиянын бүтүндөй сыра өндүрүү секторуна таасир этүүдө.
Германиялык сырачылар союзу билдиргендей, акыркы алты жылда өлкөдө 137 сыракана жабылган. Алардын арасында ири өндүрүүчүлөр да бар.
Буга чейин, 2025-жылы Германияда сыра сатуу 6%га азайып, тарыхый минимумга жеткени белгилүү болгон. Адистер муну немецтердин сергек жашоо образын тандоосу, керектөө адаттарынын өзгөрүшү жана калктын картаюусу менен түшүндүрүшүүдө.