Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Германияда өткөн веложарыш маалында массалык кырсык болуп, болжол менен 70 адам жабыркады. Бул тууралуу Bild гезитине таянып, Известия жазды.
Маалыматка ылайык, жарыш учурунда катышуучулардын бири кулап, анын артынан дагы көп сандаган адамдар “домино эффектиси” менен кулаган. Мындан улам уюштуруучулар жарышты токтотууга аргасыз болушкан.
Окуя болгон жерге тез жардам унааларынан тышкары төрт куткаруучу тик учак да келген. Жабыркагандардын ичинен 20дай адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланат.