Германияда химиялык заводдогу кырсыктан төрт адам жабыркады

Дүйнө Загрузка... 08 Октябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-10-08 at 08.22.32.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Германияда химиялык заводдогу кырсыктан төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Известия басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, авария Германиянын Майнашафф шаарындагы Schnarr химиялык заводунда болгон.

Оперативдик башкармалыктын башчысы Свен Остердин айтымында, адегенде 2 адам жаракат алды делген, бирок кийин алардын саны 4 адамга жетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык дөңгөлөктүн көлөмүндөй болгон металл тетик азот кислотасы куюлган идишке түшүп кеткенден келип чыккан. Андан кийин гальваникалык заводдон уулуу түтүн көтөрүлүп, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруу кызматтары тарабынан масштабдуу операция башталган.

Жеринде райондук жана шаардык куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн.