Германияда Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоодо консервативдүү күчтөр блогу алдыда келе жатат

Дүйнө Загрузка... 24 Февраль 2025 09:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Германиянын Бундестагына мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, алдын ала маалыматтарга караганда, Фридрих Мерц башчылык кылган консервативдүү күчтөр блогу алдыда келе жатат. Бул тууралуу “Синьхуа” кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо пландалгандан алты ай эрте өтүп жатат.

Германиянын федералдык шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтарына караганда, Фридрих Мерц башчылык кылган оң борборчул ХДС/ХСС блогу (Христиан-Демократиялык союз жана Христиан-социалдык союз) 28,6% добуш алды.

Ал эми Оңчул популисттик “Германия үчүн альтернатива” партиясы тарыхындагы эң жакшы жыйынтыкты көрсөтүп, экинчи орунга чыкты.

Олаф Шольцтун борбор-солчул Германиянын Социал-демократиялык партиясы (SPD) тарыхтагы эң начар жыйынтыгы менен үчүнчү орунга чыкты.

Шайлоочулардын катышуусу 84% түздү, бул 1990-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.