Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Германияда авиаучуулардын саны кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Lufthansa Group авиаконцерндин башчысынын билдирүүсүнө таянып, РИА Новости жазды.
Lufthansa Group`тун жетекчиси Йенс Риттердин айтымында, авиаучуулардын кирешеси азайса, Дрезден, Кёльн, Лейпциг жана башка шаарларда тийиштүү чараларды көрүүгө алып келиши ыктымал.
"Эгер учуулар кирешелүүлүгүн жоготсо, биз каттамдарды азайтууга мажбур болобуз жана учактарды башка жерлерге багыттайбыз. Аэропорттордун тизмесин бизнестин көз карашында карай турган болсок узун эле, мисалы, Бремен, Дрезден, Кёльн, Лейпциг, Мюнстер, Нюрнберг, Штутгарт. Булар алардын бир нечеси гана", - деген Риттер Funke`ге берген маегинде.
Ошондой эле Риттер Германиянын федералдык өкмөтү 2026-жылдын бюджетине авиаучуулар үчүн эч кандай каражат каралбаганын айткан.
Буга чейин Bild гезити Гамбургдан Майоркага багыт ала турган кеминде эки каттам аэропорттон күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам уча албай калган.