Бишкек, 01.10.25 /Кабар/. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жугуштуу оорулар кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Гулмира Суранбаева “Кабар” агенттигине берген маек куруп, анда вирустук гепатиттердин жайылышы жана алардын алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
- Гепатит деген эмне? Бул дарт тууралуу кененирээе айтып берсеңиз?
Гепатит — бул ар кандай этиологиядагы боордун сезгенүү оорусу болуп саналат. Себептери вирустар, алкоголь, дары-дармектер, уулуу заттар, аутоиммундук жана метаболикалык бузулуулар болушу мүмкүн. Бул себептердин ичинен өзгөчө орунду вирустар ээлейт жана алар гепатиттин А, В, С, D жана Е түрлөрүнүн негизги козгогучтары болуп саналат. Ар бири боор клеткаларына түз же кыйыр түрдө зыян келтирип, боор циррозу же боор рагы сыяктуу өмүргө коркунуч жараткан оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ал эми гепаттин А жана Е түрүнө чалдыккандардын көбү тез эле айыгып кетишет.

- Гепатиттин кандай түрлөрү бар жана алар эмнеси менен айырмаланат?
- Вирустук гепатиттер козгогучтарга, жугуу жолдоруна жана клиникалык багыттарына жараша төмөндөгүчө айырмаланышат:
Гепатиттин A (HAV) түрүн РНК камтыган вирус чакырып, фекалдык-оралдык жолдор менен булганган суу, тамак-аш же турмуш-тиричиликтеги байланыштар аркылуу жугат. Көбүнчө андан 14 жашка чейинки балдар жабыркайт. Көп учурда курч өтөт жана өзүнөн өзү басаңдап, өнөкөт формага өтпөйт. Акыркы мезгилде гепатит А чоңдор арасында да кездешүүдө. Анын холестатикалык компонент болуп саналган өзгөчө түрү менен оорушууда. Вакцинасы бар, бирок биздин өлкөдө өтө кеңири колдонууда эмес.
Гепатиттин B (HBV) түрүн ДНК камтыган вирус козгойт. Парентералдык, жыныстык жана вертикалдык жолдору менен берилип, кан (инъекция, татуировка), жыныстык катнаш аркылуу же энеден балага жугат. Курч кармашы мүмкүн. Ошондой эле өзгөчө бала кезде жукканда өнөкөт формага өтөт. Өнөкөт гепатит В боор циррозуна жана гепатоцеллюлярдык карциномага алып келиши мүмкүн. Гепаттин бул түрүнө дагы вакцина бар.
Гепатиттин C (HCV) түрү негизинен кан аркылуу жугат (инъекция, медициналык сапатсыз процедуралар, төрөт учурунда сейрек же жыныстык катнаштан). Көп учурда өнөкөт формада, оору жашыруун өтөт. Азыркы учурда дарылоо ыкмалары бар жана айыгуу толук мүмкүн.
Гепатит D (HDV) – Внын сателлит вирусу болуп саналат. Бул вируска В бар болгондо чалдыкса болот. Жугуу жолдору HBV жана HCVге окшош. Оорунун курч формасында деген клиникалык жана лабораториялык жактан айырмаланган коинфекция жана суперинфекциясы болот. Гепатиттин бул түрүн абайлабаса циррозго жана боор рагына айланып кетиши мүмкүн.
Гепатиттин E (HEV) түрү – негизинен булганган суу аркылуу фекалдык-оралдык жол менен жугат. Көпчүлүк учурда курч формада кармап, кош бойлуулар үчүн коркунучтуу болуп саналат. Кээ бир аймактарда зооноз (жаныбардан жугуучу оорулар) катары каралат. Буга карата Кытай өндүрүшүндөгү вакцина бар.
Гепатиттин алкоголдук, дары-дармектен (мисалы, парацетамолдун ашыкча дозасынан), аутоиммундук, алкоголсуз стеатогепатит (NASH) сыяктуу вирустук эмес түрлөрү да бар. Ошондой эле алардын клиникалык көрүнүштөрү менен дарылоо тактикалары да башкача болот.

- Ал эми оорунун алгачкы белгилери кандай болот?
- Курч кармаган вирустук гепатиттердин бардык түрлөрүнүн алгачкы клиникалык белгилери окшош. Буларда адам алсырайт, чарчайт, табити жоголот, кусат, оң капталы ооруйт, боор чоңоёт, зааранын өңү өзгөрөт, заң агарат, тери менен көз саргаят. HAV жана HEV түрлөрүндө көбүнчө чыйрыгуу болуп, муундар оорушу мүмкүн. Ошондой эле вирустук гепатиттердин курч фазасы үч этаптуу агым менен кармайт. Алар – саргарганга чейинки, саргаюучу жана саргайгандан кийинки мезгилдер. Оорунун белгилеринин узактыгы жана оордугу вирустун түрүнө жараша болот. Айрым бейтаптарда, айрыкча балдарда же иммунитети алсыздарда белгилер байкалбай, оору анализдер аркылуу гана аныкталышы ыктымал.
- Ооруну аныктоо үчүн кандай анализдерди тапшыруу керек?
- Вирустук гепатитти аныктоо алгоритми төмөнкүдөй: Базалык боор анализдери: АЛТ, АСТ, билирубин (жалпы, түз), щелочтуу фосфатаза, ГГТ, жалпы белок, альбумин, ПТИ/INR. Бул көрсөткүчтөр боордун канчалык деңгээлде жабыркаганын жана анын синтетикалык функцисын аныктап берет.
Ал эми серологиялык жана молекулярдык маркерлер — клиникалык көрүнүшкө жана анамнезге жараша аныкталат. Бул анализдер оорунун себебин тактоого жана антивирустук терапиянын зарылдыгын аныктоого жардам берет.
Жабыркоо деңгээлин аныктоо үчүн төмөндөгүдөй кошумча клиникалык анализдер жүргүзүлөт: Боордун жабыркоо даражасын аныктоо үчүн: FibroScan (эластография), APRI, FIB-4 индекси, боордун УДИси, зарыл болсо КТ жана МРТ. Бул изилдөөлөр өлкө ичинде эле жүргүзүлөт.

- Гепатиттен толук айыгууга болобу?
- HAV, HEV – көп учурда толугу менен айыгат (курч өтөт, өзүнөн-өзү басаңдайт); атайын вирустарга каршы терапия талап кылынбайт.
HCV вирусун азыркы учурда дээрлик айыктырууга мүмкүн болуп калды. Түз таасир этүүчү заманбап дары-дармектер (DAA) 95%дан ашуун учурларда натыйжа берүүдө. Дарылоо курсу 12 жумага созулат.
HBV вирустук гепатитин учурдагы дары-дармектер менен толук айыктыруу көпчүлүк учурларда сейрек болуп жатат. Ошол эле маалда заманбап нуклеозиддик дары-дармектер (тенофовир, энтекавир ж.б.) менен пегилирленген интерферон Гепатит Внын көбөйүшүн басаңдатып, боор циррозунун жана рак оорусунун алдын алып, айрым учурларда гана гепатоциттердин өзөгүндөгү cccDNA вирусун толук жок кыла алат. Ошондуктан дарылоо көбүнчө узакка созулат (кээде өмүр бою уланат), дарылар вирусту толук жок кыла албаса дагы ооруну жакшы көзөмөлдөп, боордун ишин сактап калат. Гепатиттин бул түрүнөн толук айыгууга жетишүү багытындагы изилдөөлөр азыр да активдүү жүрүүдө.
HDV вирусуна азырынча натыйжалуу дары-дармектер жок.
HCV көпчүлүк учурларда айыгат. HBV менен HDV вирустарын дарылап, көзөмөлдөөгө болот, бирок көп учурда толук айыкпай калат. Ошондуктан алдын алуу (вакцинация) жана текшерүүдөн өткөрүү (скрининг) өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өнөкөт В жана С гепатити менен ооругандарды мамлекет вирустарга каршы акысыз дары-дармектер менен камсыздайт.

- Бул вирустардан коргоонуунун эң жөнөкөй жолдору кайсылар?
- Биринчи кезекте эмдөөдөн өтүү маанилүү. Гепатит Вга каршы эмдөө (анын ичинде төрөлөрү менен кошо сайылуучу биринчи доза (birth dose) өтө маанилүү. Бул гепатит Внын өнөкөткө түргө өтүшүн жана анын күчөп кетишинин алдын алат. Ошол эле маалда гепатит Dдан дагы коргойт. Андан сырткары, гепатиттин А жана Е түрлөрүнө каршы вакциналар бар, бирок бизде кеңири колдонулбайт. Ал эми Сга каршы вакцина али иштелип чыга элек.
Колдонулган шприцтерден абайлоо. Ийне сайып жүргөн адамдар ийнени туура саюуну үйрөтүүчү жана анын зыянын азайтуучу программаларына катышуусу зарыл. Маникюр, тату же башка сулуулук процедураларын жасатууда стерилдүү шарттарды сактоо. Жаңы же белгисиз өнөктөштөр менен жыныстык байланышта барьердик ыкмаларды колдонуу. Медициналык жардам жана кан куюу учурунда – донордун канын сапаттуу текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылуу, медициналык процедураларда стерилдүүлүккө көңүл буруу. Медициналык кызматкердин эмдөөдөн өтүшү керек. Жеке гигиеналык буюмдарды өз-өзүнчө колдонуу жана косметологиялык процедураларды жасатууда да коопсуздук эрежелерин катуу сактоо. А жана Е түрлөрүндө колду таза жуу, таза суу жана тамактын таза даярдалышы маанилүү.

- Курч гепатит менен өнөкөт гепатиттин айырмасы эмнеде?
- Өнөкөт гепатит – бул инфекциянын маркеринин (мисалы, HBV инфекциясында HBsAg) 6 айдан ашык убакыт бою организмде болуусу же HCV RNAнын үзгүлтүксүз болушу менен мүнөздөлөт. Бул узак мөөнөттүү инфекция болуп, фиброзго, циррозго жана гепатоцеллюлярдык карциномага өтүү коркунучу бар, ошондуктан мониторинг жүргүзүү жана дарылоо талап кылынат.
Өнөкөткө өтүү мезгили адам курагына жараша да болот. Төрөлгөндө гепатит Вга эмдөө алгандардыкы ≈90% өнөкөт формага өтөт. Гепатит С жана D менен ооруган чоңдордун ≈5% бул оорулардын өнөкөткө өтүү ыктымалдуулугу жогору.