Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Биринчи май районундагы "Сейтек" балдар жана жаштар улуттук борборунда гендердик зомбулуктун алдын алуу жана маалымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага акимчиликтин, райондук прокуратуранын, билим берүү башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Анда зомбулуктун алдын алуу ыкмалары жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү, ошондой эле №108 орто мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган трагедиялуу окуяларга туш болгон аялдардын жашоосу чагылдырылган театрлаштырылган оюн-зоок жана музыкалык номерлер көрсөтүлдү.
Катышуучулар зомбулуктун алдын алуу бүтүндөй коомдун милдети экенин белгилеп, туруктуу ведомстволор аралык кызматташуунун, айрыкча аялдарды жана балдарды колдоонун маанилүүлүгүн айтышты.
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания коомдун көңүлүн буруунун, мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн биргелешкен ишин активдештирүүнүн механизми болуп саналат.