Газада тургундар үчүн 3 миңден ашуун чатыр тигилди — Кабар

Газада тургундар үчүн 3 миңден ашуун чатыр тигилди

Дүйнө 13 февраль 2025 17:50
Газада тургундар үчүн 3 миңден ашуун чатыр тигилди
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Газада тургундар үчүн 3 миңден ашуун чатыр тигилди.

ТАСС маалымдагандай, чатырларды Кызыл Ай коомунун Палестинадагы кызматкерлери уюштурушту.

Газа тилкесинин түндүгүндө 1490 чатыр, дагы 1600 убактылуу баш калкалоочу жай шаардын чет жакасына жайгаштырылган.

Жакынкы күндөрү уюм тарабынан качкындар үчүн лагерлер Рафах шаарында да уюштурулары айтылды.