Газада катуу жаан тургундардын чатырларын каптады

Дүйнө Загрузка... 26 Ноябрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-11-26 at 08.33.05.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Газада катуу жаан тургундардын чатырларын каптады. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Хан Юнустун түштүгүндөгү аль-Меваси конушундагы ондогон чатырларды сел суулары каптап кеткен. Айрымдары нөшөрлөп жааган жамгырдан толугу менен талкаланган, ал эми башкаларын катуу шамал учуруп кеткен.

Хан Юнус муниципалитетинин өкүлү Саиб Лакандын айтымында, шаардагы кырдаал дээрлик начар, жол тармагынын, суу менен камсыздоонун, канализациянын жана жамгыр суусун дренаждык системалардын олуттуу бөлүгү талкаланган.

Учурда Хан Юнус шаарында жергиликтүү тургундар жана башка аймактардан көчүрүлгөндөр болжол менен 900 миң адам жашайт жана алардын баары аба ырайынын таасиринен түздөн-түз жабыркашат.

Ал акыркы эки жылдын ичинде шаардын инфраструктурасынын 90%дан ашыгын түзгөн 220 миң метрден ашык жол катмары талкалаганын белгиледи.

Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдар бригадалары өтө оор шарттарда иштеп жатышканын кошумчалады.