Газада Израилдин соккуларынан бир күндө 100 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2025 10:45
WhatsApp Image 2025-07-02 at 10.06.37.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Газада Израилдин соккуларынан бир күндө 100 адам каза тапты. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлаганын ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, Израилдин соккусунан 109 палестиналык набыт болду, алардын ичинен 28и гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттарда азык-түлүк алуу үчүн кезегин күтүп турган.

Анклавдын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, май айынын аягынан бери гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттарга жасалган соккулардан 600дөн ашуун адам каза тапкан.

Жалпысынан 2023-жылдын октябрь айынан бери куралдуу кагылышуу күчөгөндөн бери Газа секторунда 56,6 миңден ашуун адам көз жумуп, 134 миң киши жарадар болгон.