Бишкек, 13.10.25 /Кабар/. Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (БАПОР) Газа тилкесиндеги 1 млн кишиге азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу уюмдун Фейсбук баракчасында жарыяланган билдирүүдө маалымдалды, деп билдирет ТАСС.
"Ок атышууну токтотуунун алгачкы күндөрүндө БАПОР бир млн адамды - анклавдын жарым калкын багуу үчүн жетиштүү азык-түлүк импорттоду. Бизде аларды жеткирүү үчүн керектүү материалдар, ресурстар жана кызматкерлер бар", - деп айтылат басылмада.
Ошондой эле БАПОР Газа тилкесиндеги 75 жылдык тажрыйбага таянып, агенттиктин "билимге, тармакка жана жардамды бүткүл аймакка натыйжалуу таратууну пландап жатканын" белгиледи.
Буга чейин 11-октябрга карата Газа тилкесине кирүүгө гуманитардык жардам жүктөлгөн кеминде 6 миң жүк ташуучу унаа күтүп жатканы кабарланган. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БАП) өкүлү Мартин Фрик дагы 100 миң тоннага жакын азык-түлүк жолдо экенин жана алар анклавга келгенден кийин "коопсуз жана ишенимдүү жеткиликтүүлүк болсо, азык-түлүк Газаны үч айга жакын камсыз кылууга жетиштүү болоорун" белгилеген.
6-октябрда Израил менен ХАМАС делегациялары Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү кайра баштап, консультацияларга Түркия да кошулган. 9-октябрда жаңжалдын тараптары АКШ президенти Дональд Трамп мурда сунуштаган тынчтык планынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. 10-октябрда Израил аскерлери Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу ошол күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө күчүнө киргенин, ал эми аскерлер "жаңыланган жайгашуу сызыктары боюнча позицияларды ээлешкенин" жарыялашты.