Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. АКШ, Катар, Египет жана Түркиянын лидерлери Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, саммит Египеттин президенти менен анын америкалык кесиптешинин тең төрагалыгы астында өттү. Иш-чара Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу, Жакынкы Чыгышта тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу аракеттерин күчөтүү, аймактык коопсуздук жана стабилдүүлүктүн жаңы барагын ачуу максатында уюштурулган. Ага 20дан ашык мамлекеттер, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар катышты.
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өз кезегинде Газа келишимин тарыхый бурулуш деп атады. Ал ошондой эле эки мамлекетти түзүү Палестина жана Израиль элдеринин тилектерин ишке ашыруунун бирден бир жолу экенин белгиледи.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 3-дүйнөлүк согуш Жакынкы Чыгышта башталат деп айтылып жүргөнүн, эми андай болбой турганын Шарм-эль-Шейхте билдирди.