Гарварддан Оксфордго чейин: "Эл үмүтү" кыргыз жаштарына дүйнө эшигин ачты

Билим Загрузка... 27 Февраль 2026 17:42
fb_img_1714876962642-850x560.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. “Эл үмүтү” стипендиясы менен кыргыз жаштары дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алып келишет. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын 2024–2025-жылдары 17 стипендиат ала алган.

“Президенттин чечими менен таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүлүп келет. Мен Лондондо элчи болуп турганымда Кембридж университетинде казак жана өзбек студенттерин гана көргөм. Кыргыз студенттери жок болчу. Азыр биздин жаштар Гарвард, Оксфорд, Стэнфорд, Кембридж сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайларда билим алып жатышат”, — деди ал.

2022-жылдан тарта 52 жаран төмөнкү жогорку окуу жайларда окуйт:

  • Колумбия университети – 4 стипендиат;
  • Гарвард университети – 3 стипендиат;
  • Стэнфорд университети – 2 стипендиат;
  • Оксфорд университети – 2 стипендиат;
  • Кембридж университети – 1 стипендиат;
  • Бирмингем университети – 1 стипендиат;
  • Сеул улуттук университети – 1 стипендиат.