Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Кийинки жумада Жон Кеннеди атындагы Гарвард мамлекеттик башкаруу институту федералдык каржылоонун кыскартылышынан улам кызматкерлеринин бир бөлүгүн иштен бошотот. кыскартат. Бул тууралуу Fox News телеканалына таянып, РИА Новости жазды.
Бул чечим АКШнын Билим берүү министрлиги 2,2 млрд долларлык гранттарды токтоткондугуна байланыштуу кабыл алынды.
АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм 22-майда Гарвард эми чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу укугунан ажыраганын билдирген. Анда учурда окуп жаткан чет өлкөлүктөр башка окуу жайларга өтүүгө тийиш деп айтылган.
Буга чейин Дональд Трамп Гарвардда чет өлкөлүк студенттердин саны өтө жогору экендигин жана анын айынан өлкөнүн өз жарандары бул алдыңкы ЖОЖго окуй албай калып жаткандыгын айтып, гранттык жардамдарды да кыскартууну талап кылган. Президент ошондой эле университетти антисемиттик маанайларды колдоп жатат деп айыптап, чет өлкөлүк студенттердин тизмесин коопсуздук максатында текшерүү үчүн жарыялоону талап кылган эле.