Гана АКШдан депортацияланган жарандарды кабыл алууга макул болду

Дүйнө Загрузка... 11 Сентябрь 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-09-11 at 08.53.09.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Гана АКШдан депортацияланган Батыш Африка өлкөлөрүнүн жарандарын кабыл алууга макул болду. Бул тууралуу өлкө президенти Жон Драмани Махама билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, алгачкы 14 мигрант Ганага келип жетишти. Алардын арасында бир нече нигериялык жана Гамбиянын бир жараны бар.

Жон Драмани Махама журналисттерге “АКШ бизге өздөрүнүн аймагынан чыгарылып жаткан үчүнчү мамлекеттердин жарандарын кабыл алууну сунуш кылды. Биз Батыш Африка өлкөлөрүнүн жарандарын кабыл алууга макулдаштык”,-деген.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп инаугурация күнү эле АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендерди токтотуу жана миллиондогон мигранттарды депортациялоо процессин баштоо убадасын берген. Ошондой эле ал өлкөнүн түштүк чек арасындагы абалга байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.