G-Cloud булут платформасы: Санариптик өнүктүрүү министрлиги өнөктөштөрдү чакырат — Кабар

G-Cloud булут платформасы: Санариптик өнүктүрүү министрлиги өнөктөштөрдү чакырат

Санарип Кыргызстан 20 июнь 2025 11:52
thumb__693_0_0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20250620_0_t2pJOO2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
thumb__693_0_0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20250620_0_t2pJOO2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек,20.06.25./Кабар/. «Биз ачылганга чейин масштабдуу болушубуз керек экенин түшүнөбүз», - деди санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Бишкекте жаңы мамлекеттик булут платформасынын G-Cloud презентациясында.

Министр өнөктөштөрдү бул иштерди кеңейтүүгө кошулууга чакырды.

"Ачылган учурга чейин масштабдуу болушубуз керек экенин түшүндүк. Биринчи тажрыйба биз үчүн ийгиликтүү болду, биздин адистер муну колго алып, абдан жакшы иштешти. Биз мындан аркы иштерди тезирээк жана сапаттуу аткарабыз", - деп ишендирди Жамангулов.