Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчулары Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов жана Алимардон Шукуров Бишкектеги Балдардын онкология жана онкогематология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардан кабар алышты.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, футболчулар жаш күйөрман Эржан менен жолугушуп, ага белек тапшырышты. Эржан көптөн бери улуттук курама команданын футболчулары менен таанышып, алар менен бирге футбол талаасына чыгууну кыялданып келген.
Футболчулар аны 28-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан – Мальдив аралдары беттешине чакырышты. Бул күнү Эржан улуттук кураманын оюнчулары менен бирге футбол талаасына чыгат.
Ошондой эле футболчулар ооруканада дарыланып жаткан башка балдарга белектерди берип, алар үчүн өнүктүрүүчү жана көңүл ачуучу оюндарды уюштурушту.
Маалыматка караганда, Эржан Балдардын онкология жана онкогематология бөлүмүндө 11 айдан бери дарыланып келет. Учурда ал реабилитациядан өтүп, өз алдынча баса баштаган.