Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. АКШда өткөн футбол боюнча клубдук дүйнө чемпионатынын финалында "Челси" жеңишке жетти.
Чемпионат маалымдагандай, 2025-жылдагы клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде "Челси" (Англия) менен "ПСЖ" (Франция) кез келди. Командалар Ист-Рутерфорддогу (АКШ) Mетлайф стадионунда беттешти. Оюндун башкы калысы Алиреза Фагани (Иран) болду.
Финалдык таймаш 3:0 эсебинде жыйынтыкталып, "Челси" 2025-жылкы клубдар арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.
Оюн аяктаган соң АКШнын президенти Дональд Трамп менен ФИФАнын башчысы Жанни Инфантино лондондук команданы куттукташты. Мелдештин байге фонду 1 млрд долларды түздү.
Белгилей кетсек, футбол боюнча клубдук дүйнө чемпионаты АКШда 14-июндан 13-июлга чейин өттү. Ага 32 команда катышты.
Клубдук дүйнө чемпионатында жеңиштердин саны боюнча, беш ирет жеңиши менен "Реал" (Испания) алдыда. Анын артынан эле келе жаткан "Барселонанын" (Испания) үч утушу бар. "Челсиге" эки жеңиш жазылган.