Футбол: Германия Парагвайга утулуп, дүйнө чемпионатынан четтетилди

Спорт Загрузка... 30 Июнь 2026 11:20
2101837869_0_0_3058.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Парагвай курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгуу үчүн пенальти сериясында Германияны жеңип алды.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, дүйшөмбү күнү Бостондо өткөн беттештин негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады.

Парагвайлыктардан Хулио Энсисо 42-мүнөттө гол жаратса, Германия курамасынын катарында голду 54-мүнөттө Кай Хаверц киргизди. Кошумча убакытта командалар гол киргизе алышкан жок, ал эми пенальти сериясында Парагвай курамасынын оюнчулары германиялык атаандаштарын 4:3 эсебинде жеңип алды.

Эми парагвайлыктар 4-июлда Филадельфияда өтө турган чейрек финалдык беттеште Франция менен Швеция курамаларынын ортосундагы оюндун жеңүүчүсү менен кездешет.

Дүйнө чемпионаты 19-июлда жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч өлкөдө — АКШда, Канадада жана Мексикада өтүп жатат.