11-июндан тарта футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Бул миллиондогон күйөрмандар чыдамсыздык менен күткөн ири спорттук окуя. Быйылкы дүйнөлүк биринчиликти Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары да түз эфирде чагылдырат. Учурда алыскы тоолуу аймактарга чейин сапаттуу сигнал жеткирүү боюнча даярдыктар кандай жүрүп жатат? Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Радиорелейлик магистралдардын телеберүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору Алмазбек Жолоров айтып берди.

— Алмазбек Турумбекович саламатсызбы, дүйнөлүк биринчиликти түз алып көрсөтүүгө даярдыктар кандай жүрүп жатат? Сигнал өлкөнүн бардык аймактарына жетеби?
— Саламатсызбы. Негизи лицензиялык талаптарга ылайык, 2025-жылы "УТРК Спорт" каналы убактылуу өчүрүлгөн болчу. Буга биздин географиялык абалыбыз себеп болду. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, телесигналдарды радиорелейлик байланыштан сырткары Eutelsat 70B спутниги аркылуу таратабыз. Ал эми биздин спутниктик байланыштын кубаттуулугу Кыргызстанды гана эмес, чектеш жана жакынкы 18 мамлекетти камтыйт. Биздин мамлекеттик каналдардын сигналы Россиянын борбордук бөлүгүнө, алыскы Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздарга чейин жетет. Дүйнө чемпионатынын эл аралык лицензиялык келишими боюнча, берүүлөр Кыргызстандын ичинде гана көрсөтүлүшү керек. Ошол себептүү чектөөлөр бар болчу. Бирок президентибиз Садыр Жапаровдун "Кыргызстандын ар бир жараны, өзгөчө алыскы айылдардагы калк дүйнө чемпионатын түз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек" деген так тапшырмасы бар.
Спорт сергек жашоо жана келечек муунду алдыга сүйрөгөн негизги күч. Ошондой эле министрлер кабинетинин атайын тескемеси чыгып, биз өз каражатыбыздын эсебинен заманбап шифрлөө жана сигналды коргоочу элементтери бар жаңы технологиялык жабдыктарды сатып алдык. Бул жабдыктар эл аралык талапка ылайык, сигналды коңшу мамлекеттерге таратпай, улуттук деңгээлде гана шифрлеп (жаап) көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
— Жаңы сатып алынган жабдыктарды орнотуу иштери кайсы этапта турат?
— Жалпысынан өлкө боюнча санариптик ретрансляторлорго 72 даана атайын коргоочу жана шифрлөөчү тетик орнотулушу керек болчу. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустары толугу менен камтылды. Иштин 99 пайызы аяктады деп ишенимдүү айта алам. Учурда Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында гана акыркы жөнгө салуу жумуштары калды. Биздин адистер бийик тоолуу шартта, аба ырайынын катаалдыгына карабай күнү-түнү иштеп жатышат. Дүйнө чемпионаты башталганча бул аймактар да толук кошулат жана "УТРК Спорт" каналы өлкөнүн эң алыскы булуң-бурчтарында тоскоолдуксуз көрсөтө баштайт.
— Жүргүзүлүп жаткан санариптик реформалардан кийин түз эфирдин сапаты кандай болот? Күйөрмандар айырманы сезе алышабы?
— Албетте, айырма чоң болот. Биз жер-жерлердеги техникалык кабыл алууну текшердик, баары эң жогорку деңгээлде. "УТРК Спорт" каналы былтыртан бери заманбап HD (High Definition) форматына өткөн. Бул мурдагы эски SD форматка караганда бир нече эсе тунук, жогорку сапаттагы сүрөттөлүштү берет. Спорт сүйүүчүлөрү оюндарды абдан жакшы маанайда, тунук сапатта көрө алышат. Биздин адистер жыл бою, 24 саат мамлекеттик саясатты жана маалыматты элге жеткирүү үчүн кызматта. Станцияларыбыз деңиз деңгээлинен 4300 метрге чейинки бийик тоолордо жайгашкан. Мына ушундай эрктүү адистерибиздин арты менен ири жумуштар ишке ашып жатат.
— Бул техникалык жабдуулар кайдан сатып алынды?
— Баарын мыйзам чегинде, ачык тендер аркылуу сатып алдык. Биздин адистер иштеп чыккан атайын техникалык талаптарга жооп берген, алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн сапаттуу жана заманбап жабдыктары тандалып алынган.
— Түз эфир учурунда кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр же жарыктын өчүп калуусу сыяктуу тобокелдиктер эске алынганбы?
— Биздин мекеме калкты үзгүлтүксүз сигнал менен камсыз кылууга милдеттүү. Өлкөдө аба ырайы бузулуп же электр энергиясы өчкөн күндө да, биздин станцияларда автоматтык түрдө күйө турган атайын дизель-генераторлор орнотулган. Андыктан, өчүрүү деген түшүнүк жок. Техникалык алдын алуу иштеринен башка учурларда сигнал 24 саат бою туруктуу берилет. Күйөрмандар кабатыр болбой эле койсо болот.