Футбол боюнча улуттук курамага убактылуу башкы машыктыруучу дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 14 Июль 2025 16:28
518095898_18518526475000623_9202521120667567359_n (1).jpg
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын убактылуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим улуттук командага жаңы машыктыруучу изделип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты аркалаган Максим Лисицын башкы машыктыруучулук кызматтан кеткен.

Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензияларга ээ, тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген, учурда Премьер-Лиганын "Талант" клубунун башкы машыктыруучусу болуп саналат. Буга чейин FIFA Talent Development Scheme долбоорунун алкагында аналитик катары да иш алып барган.