Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Ала-Тоо аянтында ири фан-зона ачылат

Спорт Загрузка... 07 Июль 2026 13:40
719232446_3866980680111769_2315887876740928465_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Өлкөнүн башкы аянты дүйнөлүк футболдун борборуна айланат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында расмий түрдө ири фан-зона ачылат. Иш-чара 19-июлда өтөт.

Фестивалдын программасы:

  • 21:00 — 4 сааттык масштабдуу шоу-программа башталат;
  • 01:00 — Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинин түз эфирдеги көрсөтүүсү.
"Футбол күйөрмандары жана борбор калаанын коноктору үчүн финалдык оюн чоң LED-экран аркылуу жогорку сапатта жана үн коштоосу менен көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, фан-зонанын аймагында фудкорт, оюн-зоок аянтчалары уюштурулуп, баалуу белектер менен байгелер ойнотулат. Шоу-программанын алкагында башкы музыкалык конок катары белгилүү рэп аткаруучу Ulukmanapo өнөр көрсөтөт.