Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Улуттук курама командасы ФИФАнын июнь айындагы эл аралык беттештеринин алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы экинчи беттешин өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 20:30да.
Ал эми күйөрмандар үчүн атайын шоу-программа жана көңүл ачуучу иш-чаралар саат 18:30дан тарта башталат.
"Беттеш улуттук курама команда үчүн алдыдагы расмий мелдештерге даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин, 6-июнда курама командалар кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.