Футбол-2026: Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынын катышуучулары аныкталды

Дүйнө 13 июль 2026 09:10
Футбол-2026: Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынын катышуучулары аныкталды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынын катышуучулары аныкталды.

Чемпионат басылмасынын маалыматына ылайык, жарым финалга Франция, Испания, Англия, Аргентина өттү.

Франция менен Испаниянын беттеши эртең, 14-июлда өтөт, ал эми Англия менен Аргентинанын футболчулары 15-июлда кез келет.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 18-июлда Майамиде өтөт. Турнирдин жалпы байге фонду 650 млн долларды түзөт, жеңүүчүгө болжол менен 62 млн доллар берилет.

Аргентина учурдагы чемпион. Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы “Meтлайф Стэдиум” стадионунда өтөт. Стадион 82 500 көрүүчүгө ылайыкташтырылган.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат быйыл АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жатат.