Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ысык аба ырайы жана жаан-чачындын аздыгынан Франциянын аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө кургакчылык катталды. Бул тууралуу Казинформ "Анадолу" агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Евробиримдиктин Жерди байкоо боюнча "Коперник" программасынын маалыматына караганда, июль айынын ортосуна карата өлкө аймагынын 85 пайызында кургакчылык боюнча эскертүү жарыяланган. 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 65 пайызды, ал эми 2024-жылы 2 пайыздан азды түзгөн.
"Коперник" программасынын Sentinel-3 спутнигинен алынган сүрөттөр Франциядагы кургакчылыктын масштабын көрсөттү. 2024-жылдын августунда өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү жашыл түстө болсо, 2025-жылы кургак аймактар кеңее баштаган.
Ал эми 2026-жылдын 8-августундагы спутниктен тартылган сүрөттөрдө Атлантика океанынын жээгинен өлкөнүн түндүгүнө чейинки кеңири аймактарда күрөң жана саргыч түстөр басымдуулук кылган. Бул өсүмдүктөрдүн азайып, ландшафттын кургаганын көрсөтөт.
Буга чейин Франциядагы Луара дарыясы ысык жана кургакчылыктан улам кескин тайыздап кеткени маалымдалган.