Францияда 1-июлдан тарта балдар жүргөн коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынат

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-05-30 at 12.10.10.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Францияда 1-июлдан тарта балдар жүргөн коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Еuronews Франциянын саламаттык сактоо министри Катрин Вотрендин Ouest France гезитине берген маегинде айтылганын кабарлады.

Анда Катрин Вотрен пляж, сейил бак, спорттук жайларда, автобус аялдамаларында, мектептердин айланасында тамеки чегүүгө болбой турганын, тамеки чегүүнүн эркиндиги “балдардын таза аба менен дем алуусу башталган жерде жыйынтыкталарын” айткан.

Бул мыйзамды бузгандарга 135 евро өлчөмүндө айып салынат.

Францияда жылыга 75 миң адам тамеки чегүүнүн айынан каза табат. Катрин Вотрен киргизиле турган чектөөлөр аркылуу өлүмдөрдүн санын кыскартууга багытталган аракет экенин баса белгилеген.

Ошондой эле министр электрондук тамекиге тыюу салуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.