Франциянын түштүгүндө токойдо тутанган өрт өчө элек

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-07-08 at 17.15.16.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Франциянын түштүгүндөгү Од департаментиндеги токойдон чыккан өрт 2000 гектар аянтты жалмады.

Интерфакс маалымдагандай, тилсиз жоодо 9 киши жаракат алды. Чеберкана менен аткана күйүп кетти, ошондой эле үч ат өлдү. Өрт 6 турак жайды жана кампаны да каптады. 3 миңдей жашоочу жарыксыз калды.

Бүгүн өрттү өчүрүүгө 1070 кызматкер жана 270 техника тартылды.

Тилсиз жоого байланыштуу жакынкы автомагистралдарга, анын ичинен Франция менен Испанияны байланыштырган жолдо унаа кыймылына чектөө киргизилди.