Француз өкмөтү карыздын рекорддук өсүшүнө байланыштуу отставкага кетет

Дүйнө Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:45
1507255606_0_161_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Франциянын азыркы премьер-министри Франсуа Байрунун өкмөтү отставкага кете турганын парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгына таянуу менен РИА Новости билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 364 депутат өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. Ал эми 194 гана парламентарий колдоп добуш берген. Эфир X социалдык тармагындагы Улуттук ассамблея баракчасында жүргүзүлдү.

Добуш берүү алдында сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр өлкөдөгү көп сандаган көйгөйлөргө, атап айтканда, өсүп жаткан мамлекеттик карызга токтолуп, өкмөт сунуштаган үнөмдөө чараларын негиздөөгө аракет кылды. Анын кызматтан кетиши бул көйгөйлөрдү чечпейт, деди Байру.

Августтун башында өкмөт башчысы Франциянын мамлекеттик карызы секунд сайын беш миң еврого өсүп жатканын айткан. Ал ошондой эле балансталган бюджет акыркы жолу жарым кылым мурун, 1974-жылы сунушталганын эске салды. Кийинчерээк ички иштер министри Бруно Ретайло Франция эч качан каржылык туңгуюкка мынчалык жакын болгон эмес деп билдирди.

Министрлер кабинети 2024-жылдын декабрынын аягында түзүлүп, тогуз айга жетпеген убакыт бар.

Июль айында Байру 2026-жылга бюджеттин мыйзам долбоорун сунуштаган. Анын айтымында, өкмөт мурда пландаштырылган 40 миллиарддын ордуна бир нече чыгаша беренелери боюнча 43,8 миллиард евро үнөмдөөгө ниеттенүүдө. Мындай чечим дүйнөдөгү коопсуздук боюнча “абалдын начарлашына байланыштуу” кабыл алынды: Коргоо министрлиги кошумча 3,5 миллиард евро алыш керек болчу, ал эми башка министрликтердин бюджети ошол эле бойдон калат, пенсия жана социалдык төлөмдөр инфляцияга индекстелбейт.

Бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн Байру француздарды «көп иштөөгө» чакырып, эки майрам күндөрүн жумуш күнү кылууну сунуштады. Ал ошондой эле бийлик бай жарандар үчүн «тилектештик салымын» киргизүүнү пландап жатканын белгиледи.