Франциялык сүрөтчүлөр Беш-Арал коругунун кооздугун сүрөткө түшүрдү

Экология 21 Октябрь 2025 18:10
FB_IMG_1761048357925.jpg
FB_IMG_1761048377078.jpg
FB_IMG_1761048371877.jpg
FB_IMG_1761048369556.jpg
FB_IMG_1761048367178.jpg
FB_IMG_1761048365021.jpg
FB_IMG_1761048362964.jpg
FB_IMG_1761048355150.jpg
FB_IMG_1761048360135.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1761048357925.jpg
FB_IMG_1761048377078.jpg
FB_IMG_1761048371877.jpg
FB_IMG_1761048369556.jpg
FB_IMG_1761048367178.jpg
FB_IMG_1761048365021.jpg
FB_IMG_1761048362964.jpg
FB_IMG_1761048355150.jpg
FB_IMG_1761048360135.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Франциялык сүрөтчүлөр Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда жапайы жаныбарларды сүрөткө түшүрүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, октябрь айында Франциядан келген жаратылыш сүйүүчүлөрдүн тобу (“Wildlife Expeditions Kyrgyzstan”) ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда болушту.

Экспедиция Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүнө баа берүү, Кыргызстандын Батыш Тянь-Шань аймагында байырлаган жапайы жаратылышын эл аралык деңгээлде таанытуу, биотүрдүүлүктүн абалы тууралуу маалымат алуу жана экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошуу максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөтчүлөр коруктун кызматкерлери тарабынан керектүү жабдуулар менен камсыздалып, техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, жапайы жаныбарлардын тынчтыгын бузбоо боюнча бардык талаптарды аткарышты.

Сүрөткө тартылган материалдар Кыргызстандын жаратылышын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу максатында пайдаланылмакчы.