Бишкек, 13.08.25 /Кабар/. Франциянын Дюнкерк шаарындагы Батыш Европа боюнча эң чоң “Гравлин” атомдук электр станциясы медузалардын айынан убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, миңдеген медузалар станциянын үч реакторунун муздатуу системасынын суу алуу каналдарын бүтөп салышкан. Дагы эки реактор оңдоодо тургандыктан, учурда алты реактордун бирөө гана иштөөдө.
Франциянын ядролук коопсуздук башкармалыгы (ANS) бул окуя жабдуулардын муздаткычына таасир эткен жок деп билдирди. Реакторлорду кайра иштетүү бир нече күндү талап кылат. Регулятордун айтымында, бардык процесс автоматташтырылган жана мындай тобокелчиликтерге эсептелинген.