Францияда XVI кылымга таандык чөгүп кеткен кеме табылды

Дүйнө 13 июнь 2025 09:16
Францияда XVI кылымга таандык чөгүп кеткен кеме табылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 13.06.25 /Кабар/. Францияга жакын Жер Ортолук деңизинин 2,5 км тереңдигинен XVI кылымга таандык чөгүп кеткен кеменин калдыктары табылды. Бул тууралуу Franceinfo радиосу билдиргенин Рен.тв агенттиги жазды.

Адистер узундугу 30 метр келген бул соода кемесин Италиянын түндүк-батышындагы порттон чыккан болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Кеменин кайда багыт алганы жана эмне себептен чөккөнү азырынча белгисиз.

Жакын арада бул аймакта казуу жана иликтөө иштери башталары айтылат маалыматта.