Францияда президенттик шайлоо 2027-жылы эки айлампа менен өтөт

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2026 09:05
b034c995-fef6-4d7e-bb93-9a1f8fd166c0.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Францияда 2027-жылдагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 18-апрель күнү, ал эми экинчи айлампасы 2-май күнү өтөт. Бул тууралуу Le Figaro басылмасына таянып, Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоонун так даталарын Франциянын инистрлер кеңеши бүгүнкү жыйынында расмий бекитери күтүлүүдө.

Шайлоо азыркы президент Эммануэл Макрондун экинчи президенттик мөөнөтү 14-майда аяктаганга чейин 12 күн мурда жыйынтыкталат.

Le Figaro басылмасынын маалыматына караганда, өкмөт шайлоону өткөрүүнүн эки мөөнөтүн караган. Биринчи вариант — 11-апрель жана 25-апрель күндөрү өткөрүү болсо, экинчи вариант — добуш берүүнү бир жумага жылдыруу болгон. Жыйынтыгында өкмөт экинчи вариантты тандаган.