Францияда ири уюлдук оператордун 6,4 млн кардарынын жеке маалыматтары уурдалды

Дүйнө Загрузка... 08 Август 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-08-08 at 10.05.51.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.08.25 /Кабар/. Франциядагы эң ири уюлдук байланыш операторлорунун бири болгон Bouygues Telecom киберчабуулга кабылды. Хакерлер тарабынан 6,4 млн кардардын жеке маалыматтары уурдалганы тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Компаниянын маалыматына ылайык, банк карталарынын номерлери менен сырсөздөргө чабуул болгон эмес. Мобилдик оператор окуя тууралуу бардык кардарларын кабардар кылган. Ошондой эле сот органдарына арыз берген.