Францияда эвтаназияга уруксат берилди

Дүйнө 21 Август 2026 12:20
paris-2.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Францияда эвтаназияга расмий уруксат берген мыйзам кабыл алынды. Ага өлкө президенти Эммануэль Макрон кол койгон. Бул тууралуу Le Figaro басылмасына таянуу менен Казинформ жазды.

Мыйзам 19-августта Франциянын расмий гезитинде жарыяланган. Ага ылайык, эвтаназия бир катар шарттар сакталган учурда жүргүзүлөт. Бейтап өлүмгө алып келүүчү препаратты медициналык кызматкердин катышуусунда өзү кабыл алышы керек. Эгер физикалык абалы буга мүмкүнчүлүк бербесе, препаратты медициналык кызматкер бере алат.

Бул укук Франциянын бойго жеткен жарандарына же өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты бар адамдарга берилет. Бейтап айыккыс жана оор дарттын терминалдык же прогрессивдүү стадиясында болуп, чыдагыс физикалык азап чегип, чечимди аң-сезимдүү кабыл алуу жөндөмүн сакташы керек.

Процедурага уруксат берүү чечимин башка адистердин катышуусу менен бир дарыгер кабыл алат.

Мыйзам Францияда бир нече жыл талкуулангандан кийин кабыл алынган. Аны айрым диний жана медициналык уюмдар сынга алып, документ аялуу адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн деген пикирлер айтылган.

Франциянын Конституциялык кеңеши өткөн аптада мыйзамдын Конституцияга шайкештигин ырастаган. Макрон бул чечимди көп жылдык демократиялык талкуунун жыйынтыгы деп атаган.