Бишкек, 12.05.26 /Кабар/. Франциянын Канн шаарында дүйнөдөгү эң абройлуу кино иш-чараларынын бири болгон 79-эл аралык Канн кинофестивалы старт алды. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.
Быйылкы фестивалдын программасына белгилүү режиссёрлордун жаңы тасмалары кирген. Алардын арасында Педро Альмодовар, Андрей Звягинцев, Рюсуке Хамагути жана башка дүйнөгө таанымал кино жаратуучулар бар.
12 күнгө созула турган фестивалда конкурстук көрсөтүүлөр, кызыл килем аземдери жана дүйнөлүк кино жылдыздары катышкан чоң премьералар өтөт.
Быйылкы калыстар тобун түштүк кореялык режиссёр Пак Чхан-ук жетектейт. Ал буга чейин Каннда Oldboy жана Decision to Leave тасмалары менен таанылган. Калыстар курамына ошондой эле Деми Мур, Хлоя Чжао жана швециялык актёр Стеллан Скарсгард кирди.
Канн кинофестивалы көп жылдан бери “Оскар” сыйлыгына башкы талапкерлер чыга турган негизги аянтчалардын бири катары саналат. Буга чейин бул фестивалда бет ачары өткөн Parasite жана Anora тасмалары кийинчерээк “Оскардын” “Эң мыкты фильм”наамын жеңип алышкан.