Францияда токойлор өрттөнүүдө: Жолдор жабылып, 10 миң адам эвакуациялды

Дүйнө Загрузка... 06 Июль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-07-06 at 05.58.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Франциянын аймагында 20га жакын ири токой өртү катталды. Бул тууралуу Le Figaro басылмасына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 6 өрт өзгөчө кооптуу деп бааланса, алардын үчөө азырынча толук көзөмөлгө алынган эмес. Эң ири өрт өлкөнүн Чыгыш Пиреней аймагында катталып, жалын 1,6 миң гектардан ашык жерди каптады. Коопсуздук максатында жалпысынан 10 миңдей тургун эвакуацияланды. Өрттү өчүрүү иштерине кургак жана өтө ысык аба ырайы тоскоолдук жаратууда.

Мындан тышкары, Гар департаментинде 500 гектардан ашык, Дромдо 350 гектарга жакын аймак күйүп кеткен. Од департаментиндеги Каркассон шаарынын аймагында да ири өрт катталган.

Табигый кырсыктын кесепетинен жергиликтүү жана аймактык маанидеги бир катар унаа жолдору, анын ичинде Испанияга алып баруучу A9 автомагистралы жабылды. Ал эми Жогорку Луара департаментиндеги өрттөн улам Клермон-Ферран менен Ним шаарларынын ортосундагы темир жол каттамы убактылуу токтотулду.

Франциянын улуттук метеорология кызматы өлкөнүн түштүк жана борбордук бөлүгүндө токой өрттөрүнүн коркунучу жогору экенин эскертти. Адистердин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү ысык аба ырайы жана катуу шамал сакталып, өрт коркунучу дагы күчөшү мүмкүн.

Синоптиктердин божомолуна ылайык, аптанын башында өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетиши ыктымал. Ал эми шейшембиде Франциянын көпчүлүк аймактарында күндүзгү температура 35–38 градус, айрым жерлерде 40 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.