Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Францияда 1-июлдан тарта коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Известия кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, эртеңден тарта "балдар бар" жерлерде тамеки чегүүгө болбойт. Тизмеге коомдук сейил бактар, бакчалар жана пляждар, аялдамалар жана жүргүнчүлөр үчүн жабык күтүү зоналары, жашы жете электерди окутуу же жашоо үчүн кабыл ала турган жайлардын жанындагы аянттар, китепкана, бассейн, стадиондор жана спорттук жайларга жакын жерлер кирет.
Жыл сайын Францияда тамеки чегүүдөн 75 миң адам каза болот, же күнүнө 200дөн ашуун адам көз жумат. Тамекинин социалдык чыгымы жылына 150 млрд евро деп бааланат.
Белгилей кетсек, 1-январдан бери Миланда бардык коомдук жайларда, анын ичинде шаар көчөлөрүндө тамеки тартууга тыюу салынган эле. Бул чаралар шаардын абасынын сапатын жакшыртууга, жарандардын ден соолугун коргоого багытталган