Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрь — Илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата NABU Кыргызстан уюму Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы" аталышында тегерек стол өткөрдү. Аны менен катар уюм тарабынан тартылган илбирстердин фотокөргөзмөсү да уюштурулду.
Уюмдан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө уюмдун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов катышуучуларга илбирсти сактоонун маанилүүлүгү, анын экосистемадагы орду, жашоо чөйрөсүнүн азайышы жана браконьерлик сыяктуу коркунучтар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал илбирсти жана анын экосистемасын сактоо, бул сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбардын келечегин камсыздоо боюнча коомчулуктун, экологиялык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми бөлүмдүн кызматкери Закир Алибеков илбирсти сактоодогу NABU Кыргызстан уюмунун мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүүсү тууралуу кенен маалымат берди. Анда фототузактар, тепловизор, дрон, GPS-аппараттар сыяктуу иш учурунда колдонулган жабдууларды көрсөтүп, алардын жардамы менен кандай иштер аткарылып жатканына кеңири токтолду.
Уюмдун фотокөргөзмөсү менен катар студенттер арасында илбирстердин сүрөтүн тартуу сынагы да өткөрүлдү. Анда катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле студенттер илбирстер жана алардын жаратылыштагы орду тууралуу атайын презентацияларды жасашты.
Катышуучулар илбирстерди коргоо жана сактоо, мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу, экологиялык билим берүү сыяктуу бир катар көйгөйлөргө токтолушуп, тегерек столду кызуу талкуу менен өткөрүштү. Андан сырткары, ОшМПУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы Гүлмира Долонова алдыда NABU Кыргызстан уюму менен тыгыз кызматташтыкта иштешүү максатында атайын долбоорлорду сунуштай тургандыктарын билдирди.
Соңунда сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө NABU Кыргызстан уюмунун баалуу белектери тапшырылды. Андан сырткары, тегерек столго катышкан окутуучуларга жана конокторго да уюмдун атайын таркатма материалдары берилди.